КоомСаясат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына (АКШ) барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.
«22-сентябрда мамлекет башчы Келечек саммитинин ишине катышат. Анын алкагында «Келечек пактынын» жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сүйлөйт”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button