Саясат
Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти. Делегация курамы
Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кеткенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкө башчы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышып, жалпы дебаттарында сүйлөйт. Ошондой эле Келечек саммитинин ишине катышып, уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугары, башка да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Делегациянын курамы:
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Бактыбек Аманбаев — КРдин АКШдагы элчиси;
Бакыт Сыдыков – президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Аида Касымалиева — Кыргызстандан БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү.