Кылмыш-кырсык

УКМК: “Фейсбукта” кыргыз-казак элинин ортосундагы мамилеге чагымчыл видео тараткан жаран кармалды. Видео

УКМК коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Казакстан Республикасындагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө өткөрүлгөн ат оюндарынын фонунда боордош элдердин ортосунда улут аралык кастыкты козутуу боюнча айрым деструктивдүү элементтердин аракеттерин аныктады.
Алсак, «Фейсбук» социалдык тармагында «Косай Сүйүнкулов» аттуу интернет колдонуучусу “КАМАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу, КР жараны Казакстандын желегин демонстрация менен түшүрүп жаткан видеороликти таратып, бул социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде аталган видеонун автору КР жараны 2003-жылы туулган С.У.С экени аныкталган. Буга байланыштуу С.У.С менен түшүндүрүү-профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, жаран эмоционалдык аракеттерди жасагандыгын мойнуна алган.
КР УКМК жарандарды провокацияга алдырбоого жана эки өлкөнүн боордоштук жана достук мамилелерине залакасын тийгизиши мүмкүн болгон спорттук оюндарга байланыштуу мындан аркы ининуацияларды, чакырыктарды жана ар кандай карама-каршы аракеттерди токтотууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button