Коом
Адистин кеңеши. Терини кайсы азыктар менен каражаттар бузат?
Диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова кайсы азыктар териге зыян экенин РИА Новостиге айтып берген.
«Теринин кургашына бир катар факторлор таасир этет. Алардын бири — кумшекерди көп колдонуу. Ошол себептен аны азайтып, кумшекер колдонулган азыктардан баш тартуу зарыл. Анын ордуна жашылча-жемиш, кургатылган жемиш жеген териге пайдалуу», — деген диетолог.
Дианова терини дайыма майлап туруу маанилүү экенин белгилеген. Ошондой эле курамында спирт кошулган косметикалык каражаттардан, чылымдан баш тартууну сунуштаган.