Коом
23-сентябрга карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас, Нарын облустарында +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +26…+31, Ысык-Көл кылаасында +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +28…+30 градуска чейин жетет.