Жалал-Абад шаарында үч миң орундуу “Достук” мечити ачылды
Кечээ, 22-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгында үч миң орундуу курулган “Достук” мечитинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеямынын Кыргызстандагы өкүлү, «Ас-Санабил» кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.
Облус башчысы мечит — ислам дининин чыныгы баалуулуктарын тааныган, биримдикти жана боордоштукту бекемдеген, жаштардын жүрөгүнө тынчтык орнотуучу өзгөчө жай болооруна ишеним артты.
Ошондой эле курулушка демөөрчүлүк кылган «Ас-Санабил» кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюмиге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү жамаатардын кошкон салымын да баса белгиледи.