Коом

ӨКМ: Көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Кыргызстанда 26-27-сентябрда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градус;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8 градус суук болот.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button