Коом

УКМК: Чүй облусунда 315 млн. 111 миң сомдук оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Видео

УКМК 2010-жылы жеке тараптар менчиктештирип алган Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айылдык участкалык оорукананы мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө оорукананын ээси өз ыктыяры менен базар баасы 315 млн.111 миң сомдон ашык 10618 м2 жер тилкесин 2525 м2 административдик имараты менен мамлекеттин кирешесине өткөрүп берди.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо иштери улантылып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button