Кылмыш-кырсык

УКМК: Салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

Салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомун системалуу түрдө бузуу фактылары аныкталып, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу майларды сатууда салык төлөөдөн качкан жеке ишкердик субъекттерине жеңилдиктерди беришкен, натыйжада мамлекетке 9 млн 134 миң сом зыян келтирилген.
Аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 24-сентябрында Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын салык көзөмөлү жана карызды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы М.М.Э. жана ошол эле бөлүмдүн инспектору М.Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Учурда ушул сыяктуу жана башка кылмыштарга тиешеси бар башка салык кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button