Коом

Кумтөрдөгү алтындын запасы дагы 20-30 жыл кенен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы «Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан.
Жапаров Кумтөр элге кайтарылып, үзгүлтүксүз иштеп жатканын эске салды. Анын айтымында, калдыктар сакталган жайда алтын азайып, казуу иштери жер алдында уланмакчы.
«Запас көбөйүүдө. Дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок кени да бар. Ушу тапта Кумтөрдү фондулук рынокко чыгаруу боюнча иштеп жатабыз», — деди минкаб төрагасы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button