Коом
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтар пайда болду
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, эми колдонуучулар тиркеме аркылуу баланын каттоосу жөнүндө маалымкатты жана балдарына катталган кыймылсыз мүлктүн бар-жоктугун тастыктаган маалымкатты ала алышат.
Буга чейин бул документтерди алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна баруу талап кылынган.
«Балдар жөнүндө маалымат туулгандыгы тууралуу күбөлүк санариптештирилген учурда гана берилет», — дешти ведомстводон.