Коом

Камчыбек Ташиев Матраимовдун 3 млн доллары боюнча Мелис Аспековдун айткан билдирүүсүнө жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун Райымбек Матраимовдун 3 млн доллары боюнча айткан билдирүүсүнө жооп берди.

Белгилей кетсек, камактагы Мелис Аспеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге арыз жазып, 2020-жылы шайлоо маалында Райымбек Матраимовдон 3 млн доллар алып, аны Садыр Жапаровго алып барып бергенин, ошол факт боюнча иш козгоону талап кылган. Бул маселе боюнча Камчыбек Ташиев 7-каналга берген интервьюсунда жооп берди.

“Кыргызда бир сөз бар: “Күйгөн аял кошокчу” – деген. Ал өзү кандай кылмыш иши менен камакта жатат билесиңерби? Так ошол Райым сыяктуу ири бизнесмендерден “Садыр Жапаровго алып барып берем” – деп алдамчылык кылып, бүт акчаларды өзүнө ыйгарып алып жүргөн. Ошол үчүн түрмөдө жатат. Бир эле мисал. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы башчысы Дашков дегенден 250 миң доллар алып кеткен, “Садыр Жапаровго шайлоого жардам беришибиз керек” – деп. Бирок, аны бир тыйынына чейин өзү ыйгарып алган. Баары далилденген. Ушунун баары билинип калгандан кийин камалып олтурат. Фото, видеолору бар. Бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бере элек. Көгөрүп түрмөдө жатат. 250 миң долларды кайтарып берсин, анан түрмөдөн чыгышы мүмкүн. Бул мамлекеттин, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын акчасы. Мындан башка дагы толтура бизнесмендерден 50 миң, 100 миң доллардан акча чогулткан. Алардын баары арыз жазбай коюшту. “Баштан көздөн садага. Ушул акча Мелис Аспековго эле буюрсунчу” деп коюшту”, – деди ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев ушундай каралоолорго коомчулук анализ жүргүзүшү керектигин айтты.

“Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек. Райым Матраимов миллиондогон долларларды киши куруп калгансып, Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 млн доллар Мелиске бергени чын болсо, анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат” – деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз”, – деп белгиледи.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Мелис Аспеков массалык башаламандыкка айыпталып, жети жылга эркиндигинен ажыратылган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button