Коом

Жазаларды аткаруу кызматына 27 автоунаа тапшырылды

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына 27 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу юстиция министрлигин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоунааларды тапшыруу аземинде юстиция министри Аяз Баетов кызматкерлерди автопарктын жаңыланышы менен куттуктап, акыркы жылдары пенитенциардык системада жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баа берди.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жаңы техникалар иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтып, мекеме жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлерине автоунаалардын ачкычын тапшырды.

25 унаа 50 млн сомго “Тулпар Моторс” заводунан сатылып алынган.
Анын ичинде:
— 23 Chevrolet Tracker автоунаасы;
— 1 Chevrolet Cobalt автоунаасы;
— 1 даана 5 тонналык Isuzu жүк ташуучу унаасы бар.

Ошондой эле тендердин алкагында 18 орундуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 1 кичи автобус жана 1 KIA Carnival кичи автобусу сатылып алынган. Муну менен быйыл ЖАКтын автопаркы 27 жаңы унаа менен толукталгандыгы айтылды.

Белгиленгендей, буга чейин ЖАК автопаркы эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан белекке берилген унаалардан турган. Алар мекеменин транспорттук муктаждыктарын толук камсыздай алган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button