Коом

«Росатом» Баткенге шамал электр станциясын курууну пландоодо

«Росатом» Баткен облусуна шамал электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.
Анын айтымында, станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт.
«Бул Ысык-Көл облусундагы долбоордун документ иштерин аяктагандан кийин баштай турган № 2 долбоор болот. Баткен облусу алыста жайгашкандыктан Кыргызстандын приоритеттүү аймагы. Ал жакта шамал да катуу», — деген Константинов.
Эске салсак, 12-сентябрда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында кубаттуулугу 100 мегаваттка жеткен Кыргызстандын аймагындагы алгачкы шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоордун жалпы суммасы 110 миллион долларды түзөт. Курулушка бир жылдай убакыт кетери айтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button