Коом

Бишкек мэриясы таштандыны кечкисин чыгарууну суранууда

Бишкек шаарынын тургундары таштандыны кечки саат жетиден түнкү саат он экиге чейин чыгаруусу керек.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштанды челектерин саат 24:00дөн баштап таңкы 06:00гө чейин тазалап кетет.

«Эртең менен балдарды окууга же бала бакчага же өзүңөр жумушка кетип атканда таштап кетип жатасыздар. Ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турат. Күндүз жол тыгындардын кесепетинен таштанды чогултуп кетиш абдан оорчулукту жаратат», — деп белгилешти мэриядан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button