Коом

Бишкек ШИИБ: Бишкекте сойкулук кылган деп 50дөн ашык кыз-келин аныкталды

Бишкекте сойкулук менен алектенген деп 50дөн ашык кыз-келин аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Шаардык милиция «Притон» аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн.
«Анда аялдарды жана өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү», — деп жазылган маалыматта.
Укук коргоочулар кыз-келиндерге мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
ШИИБ батирлер кандай максатта пайдаланылып жатканын текшерүү улантыла турганын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button