Саясат

Садыр Жапаров Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоого «мезгил кутусун» салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана үч түрлүү мунай продукциясын өндүрөт: АИ 80 бензин, дизель жана мазут. Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн. 1995-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кийин, чет өлкөлүк инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди каржылоо үчүн инвестициялык каражаттарды, анын ичинде мунай иштетүүчү заводду курууга жана өнүктүрүүгө алгачкы салымды берген. Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКунун мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген, бирок ал иштер максатына жетпей келген.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү окуя — өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен гана чектелбестен, мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө боло турган олуттуу натыйжага жетишилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button