Дүйшөнбек Камчыбеков: “Көмүр тармагын тескей турган мамлекеттик деңгээлдеги чоң ишканага муктажбыз”
Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков менен маек.
— Учурда күн суук тартып, кыш мезгилине даярдыктар башталды. Көмүр жагынан кышка даярбызбы?
— Биздеги “Кыргызкөмүр” деген мамлекеттик ишкана алалы. Алардын колунда 19 эле лицензия бар. Анын ону иштетүүгө, тогузу болсо чалгындоо иштерин жүргүзүүгө каралган. Онунун ичинен бешөө жер астында казып алуу жолу менен, ал эми бешөө ачык жол аркылуу иштеткенге каралган. Жалпы эле Кыргызстан боюнча көмүр тармагына берилген лицензиялардын саны төрт жүздөн көп. Анын эки жүздөн ашыгы көмүр казууга, калган эки жүздөйү чалгындоо иштерин жүргүзгөнгө каралган. Эми жалпы жонунан 2023-жылдын жыйынтыгы менен берилген лицензиялардын негизинде 4 миллион тонна көмүр казылып алынган. Анын 1 миллион 700 миңдейи түндүктө болсо, 2 миллион тоннадан ашыгы түштүк жергесинде казылып алынган. “Кыргызкөмүр” ишканасы 1 миллион 300 миң тоннаны казып алды. Анын көбү “Кара-Кече” кенинен алынган.
— Азыркы учурда көмүр тармагында мамлекеттик кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
— Бүгүнкү күндө өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү менен булар 50гө жакын техника сатып алышкан. Анын ичинде погрузчиктер, көмүр ташуучу машинелер, экскаваторлор бар. Андан тышкары, мамлекет тарабынан дагы лизингге 600 миллион сомдун тегерегиндеги каражатка техника алынган. Техникалардын баары “Кара-Кечеден” казылып жаткан көмүрдү Балыкчыдагы базага, андан бери Бишкекке ташып келип, Бишкек ТЭЦине жеткирилип жатат.
Кышка даярдык боюнча өмөттүн токтому жыл сайын жаз айларында чыгат. Ошонун негизинде биздин мамлекеттик ишканабыз ошол токтомду аткаруу үчүн кышка даярдык иш-чараларын түзүп, ошонун негизинде иш алып барышат. 2024-жылга дагы “Кара-Кечеден” 600-650 миң тоннадай көмүр берилиши керек. Сырттан импорттолуп келе турган көмүрлөр дагы 500 миң тоннанын тегерегинде болот. Бул ТЭЦке бериле турган көмүрлөр. Андан тышкары, бюджеттик мекемелерге 200 миң тоннадан ашык көмүр казылып берилет.
Жасалып жаткан жакшы иштерди да айтсак, “Кара-Кече” менен “Беш-Бурхан” көмүр кенин иштеткенге долбоор түзүлүп, программа жасалып, көмүрдү ылгоо, тазалоо маселесинин үстүндө иш жүрүп жатат. Андан сырткары, Кызыл-Кыядан көмүр жөнөткөнгө логистикалык борбор ачуу боюнча да иш-чаралар бар.
— Көйгөй жараткан дагы кандай маселелерди айтат элеңиз?
— Биринчиден, көмүр тармагын тескей турган мамлекеттик деңгээлдеги бир чоң ишкана болушу керек эле. Жогоруда белгилегендей, жалпы 400дөн ашык лицензия көмүргө берилген болсо, анын 19у эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасында. Калган ишканалардын баары менчик. Алар өздөрүнүн түзгөн иш-пландарынын негизинде гана иш алып барышат. Негизи, жалпы бирдиктүү мекеме, ишкана болушу шарт эле. Ошол боюнча 2023-жылы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун буйругу чыккан. Анын негизинде “Кыргызкөмүрдүн” базасында бир чоң мекеме түзүлсүн” деп айтылган, бирок ал тапшырма аягына чыккан жок. Эгер ошол корпорация түзүлсө, ага көзөмөл кыла турган көп функциялар берилмек. Азыр деле “ошондой мекеме түзүлсө” деген тилектебиз. Эгер жүзөгө ашып калса, жалпы Кыргызстан боюнча көмүр иштетип жаткан мекемеге баш ийип, ал мекемеге өздөрүнүн иштетүүчү пландарын көргөзүп, жумуштарын жасашмак. Эгер андай көзөмөл жүргүзүлбөсө, мекемелер кандай иштеп жатканы тууралуу маалымат айтуу да кыйын. Бул чоң маселе.
Экинчи дагы бир маселе – мурун Миң-Кушта жайгашкан 56 миллион тонна көмүр кенин түзгөн “Ак-Улак” көмүр кесими “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына берилип, ал жерге Кытай компаниясы менен көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп, көмүр казыла турган учур келгенде ал мекеме мэриянын алдында түзүлгөн башка мекемеге берилип калды. Демек, бул жерде “Кыргызкөмүр” ишканасынын эч кандай тийешеси жок. Ошого байланыштуу кетирилген чыгымдар дагы көп.
200 миллион сомдун тегерегиндеги акча каражаты “Кыргызкөмүр” ишканасына өткөрүлүп берилиши керек эле. Ошол эле мезгилде өкмөттүн чыгарган чечиминде “мэрияга бекер берилсин” деген да чечим бар. Эгер бекер берилсе, экинчи жагдай да пайда болуп калат. “Кыргызкөмүрдүн” “Ак-Улак” кесиминен өндүрүлгөн көмүр Бишкек мэриясы аркылуу ТЭЦке бекер берилсе, тариф саясаты да өзгөрүлүшү шарт. Бекер алынган көмүрдүн негизинде Бишкек ТЭЦи иштетип чыккан жылуулук, ысык суу, электр энергия маселелери каралышы керек. Бул боюнча балким комиссия түзүлүп, же “Кыргызкөмүргө” акча берилгендей кылып, же тарифтерди өзгөртүп, арзандатып кароо шарт. Бирок мэриянын бюджетинде ал акча каралбай калган. Мэрияда да башкаруу адистери, башкача айтканда, тоо-кен тармагын түшүнгөн адистер же геологдор болушу керек. Бул жагы түшүнүксүз бойдон турат. Мына ушундай көйгөйлүү маселени чечүү зарыл. Себеби, “Кыргызкөмүр” “Кара-Кече” ишканасына көмүр казганга тийешелүү шаймандарды алып, иш алып барышы керек. Эгер бул маселе чечилбесе, кышында чоң көйгөй жаралышы мүмкүн.
“Кыргызкөмүрдүн” жалпы карызы 700 миллион сомго чыгыптыр. Натыйжада, көмүр казган ишкана өзүн өзү камсыздай албай, карызга батып жатат. Бул биринчи кезекте баа саясатынын туура эмес жүргүзүлгөнүнө жана антимонополиянын макулдашылган баалары убагында туура келбей калганына байланыштуу. Көмүрдүн баасы туура эсептелип, бекитилиши керек. Бул мекеме бери эле дегенде 1 миллион 700 тоннадан ашык көмүр өндүрүп жаткан соң, сөзсүз түрдө кирешеге чыгып, көмүр менен камсыз кылышы абзел.
Эми биз, адистер сунуштарыбызды айтып жатабыз. Ошол сунуштарыбыз эске алынса, кышка даярдык жакшы болот (!) деген тилектебиз.
Гүлжан ТӨРӨБАЕВА