Кылмыш-кырсык

УКМК: Финансы министрлигине караштуу МСКнын улук инспектору кармалды

УКМК тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору К.С.А. пара менен кармалды.

Тактап айтканда, К.С.А. «Л.Н.» ЖЧКсы (Ош шаарында катталган) ишкердик субъектисине карата салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын жасалма түрдө жогорулатып жиберген жана салык милдеттенмелерин кыскартуу максатында 10 000 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алгандыгы аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында КР ФМ караштуу МСКнын улук инспектору К.С.А. кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кылмыш ишине тиешеси бар жооптуу кызматкерлерин аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button