Коом

Алтынбек Кылычбаев Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды

Бүгүн, 30-сентябрда Кылычбаев Алтынбек Таирович №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылы 22-сентябрда өткөн.

Ал эми 26-сентябда БШКнын №150 токтому менен Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

Ошентип, бүгүн Алтынбек Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button