Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү көбөйтүлдү
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү көбөйтүлдү, мындан ары пенсиянын минималдуу өлчөмү азыр 6900 сомду түзөт.
Тийиштүү мекемелердин маалыматына караганда, 2024-жылы пенсияны жогорулатуу эки этап менен ишке ашты. Биринчиси — пенсиянын базалык бөлүгү теңдештирилди.
Кыргызстан пенсиясы эки бөлүктөн турат: базалык жана камсыздандыруу. Негизги бөлүгүн мамлекет кепилдеген сумма түзөт. Эгерде эмгек стажы талаптарга жооп бербесе, пенсиянын базалык бөлүгү иштеп жаткан эмгек стажына тең эсептелинет. Базалык пенсиянын өлчөмү эмгек стажына көбөйтүлүп, зарыл болгон стажга бөлүнөт.
2022-жылдын 1-октябрынан баштап базалык бөлүк 3170 сом деп белгиленген. 2024-жылдын 1-июлунан тартып бул сумма бардык пенсионерлер үчүн теңдештирилип, бардыгы 3170 сомдон ашык ала баштады.
Экинчи — пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга көбөйтүлдү.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү талап кылынган эмгек стажы бар жарандарга ай сайын берилүүчү төлөмдөр болуп саналат. Камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү ар бир адам үчүн ар кандай болот. Мисалы, пенсия 3500 сом болсо, базалык бөлүгү 3170 сом, камсыздандыруу бөлүгү 330 сом болушу мүмкүн. 18 пайыз өсүш менен 60 сом гана кошулат. Ошондон улам Социалдык фонд камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүүдө 1000 сомго жетпеген сумманы 1000 сом деп тоголоктоп коюуну чечкен.