Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев кызматтан алынып, анын ордуна Улан Карыпбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
44 жаштагы Улан Карыпбеков 2023-жылы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинде эмгектенген.