Коом
Илязбек Балташев Журналисттер биримдигинин төрагасы болуп шайланды
Анын талапкерлигин Бишкекте өткөн Журналисттер биримдигинин курултайында делегаттар бир добуштан колдошту.
Журналисттер биримдигинин X курултайына 91 делегаттын 73ү катышты.
Буга чейин Кыргызстандын Журналисттер биримдигин Абдыкадыр Султанбаев жетектеп келген. Ал төрага катары 33 жыл биримдиктин башында турду.
Белгилей кетсек, Журналисттер биримдигинин төрагасы ар бир 5 жыл сайын шайланат.