КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Ош шаарындагы оорукананын башчысы кармалды

УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы жасалып жаткан иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) башчысы Т.А.Э. тарабынан, аталган медицина борборуна кызматка орноштуруу үчүн көп суммадагы акча каражаты талап кылынганы аныкталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Мыйзамсыз сыйлык алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 2-октябрында оорукананын башчысы өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кармалды.

Бүгүнкү күндө, Ош шаарынын №9 ҮМБнун башчысы Т.А.Э. кызмат ордунан бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө амалдары улантылып, кылмышка тийиштүү адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.
КР УКМК Саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга каршы күрөш улантылып жатканын эскертет, ошондой эле КР жарандары медицина тармагына кайрылуу учурунда, коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, тезинен УКМКга кайрылууну сунуштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button