КоомКылмыш-кырсык
Окуя 4-октябрда саат 18:30 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунда болгон. Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан өспүрүм Эр-Тайлак көчөсү менен бара жатып, рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кетип, жөө бараткан 10 жаштагы кызды сүзгөн. Андан ары жеке бала бакчанын тосмосун сүзгөн.
Жабыркаган кыз окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Айдоочу Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына, унаа атайын айып жайга киргизилди.