КоомКылмыш-кырсык

УКМК: «Сапа» каймана аты менен белгилүү Балыкчы шаарынын мурдагы «смотрящийи» криминалдык чөйрөдөн баш тартты

КР УКМК Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Балыкчы шаарынын мурдагы смотрящийи С.С.Т.га (криминалдык дүйнөдө «Сапа» каймана аты менен белгилүү) карата ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аталган С.С.Т. өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты.
Мындан тышкары, С.С.Т. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button