ДүйнөКоомКылмыш-кырсык
Түркияда мышыктарды өлтүргөн адам 8 жылга кесилди
Түркияда мышыктарга кислота чачып өлтүргөн шектүү 8 жылга эркинен ажыратылды.
Стамбулдун тургуну 2023-жылдын июль айында Эйүпсултан районунда мышыктарга кислота чачкан. Жаныбарлар күйүк алып, өлүп калган.
Стамбул шаардык соту шектүүнү “бир нече үй жаныбарын атайылап өлтүргөн” деген айып менен 4,5 жылга, ошондой эле “бир нече жаныбарга кыйноо же ырайымсыздык кылуу” үчүн 3 жыл 9 айга эркинен ажыратты.