Коом

Юстиция министрлиги жарандык иштер боюнча соттогу өкүлчүлүк институтун реформалоону демилгелөөдө

Юстиция министрлиги жарандык иштер боюнча соттогу өкүлчүлүк институтун реформалоону демилгелөөдө (сот процесстеринде өкүл болгон адамдар жана юристтер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттары белгиленет). Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Юстиция министрлиги жарандык иштер боюнча соттук өкүлчүлүктүн механизмин өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформанын башталгандыгын жарыялайт.

Бүгүнкү күндө мыйзамдыгы жана жөнгө салуучулуктагы боштуктардын натыйжасында (дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнөн айырмаланып) Кыргызстанда иш жүзүндө бул чөйрө жөнгө салынбаган болуп саналат, бул жагдай жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына белгиленген бир зыян келтирген жана сот системасынын ишин татаалдаштырган бир катар көйгөйлүү тенденцияларды жаратты.

Ошентип, реформалоо демилгеси эл аралык практиканын тенденциялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторунда өкүл болгон жактардын ишинин сапатынын төмөндүгүнүн көйгөйү жана алардын компетенттүүлүк деңгээлине карата стандарттардын жоктугу менен шартталган, бул жагдай жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын натыйжалуу көрсөтүү үчүн тобокелдиктерди жаратат, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү жаратат, сот өкүлдөрүнүн арасында “жоопкерчиликсиздик атмосферасын” өстүрөт, ошондой эле сот процесстеринин жалпы сапатына (мазмундук жана процессуалдык) терс таасирин тийгизет.

Реформанын негизги максаттары:

  • Сот процесстеринде өкүл болгон адамдардын ишине кесиптик стандарттарды киргизүү;
  • Соттук өкүлчүлүктүн сапатынын жана натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
  • Өкүлдөрдүн ишинин ачыктыгын камсыз кылуу, жоопкерчиликти жогорулатуу жана этикалык жана кесиптик эрежелерди сактоо.

 Реформанын негизги багыттары:

  1. Сот өкүлдөрү тарабынан кесиптик юридикалык кызматтарды ишке ашыруу/көрсөтүү механизмин киргизүү.
  2. Сот өкүлдөрүнө квалификациялык талаптар так жөнгө салуу, кесиптик стандарттарды киргизүү.
  3. Сот өкүлдөрүнүн ишинин ачыктыгы, алардын кардарлардын жана сот системасынын алдындагы жоопкерчилиги.
  4. Милдеттүү түрдө сертификациялоо жана Сот өкүлдөрүнүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу болгон, ошондой эле этикалык ченемдерди жана стандарттарды сактоону камсыз кылуучу өзүн-өзү башкаруучу органды (сот өкүлдөрүнүн коллегияларынын ассоциациясы) түзүү.
  5. Соттук териштирүүлөргө сапатсыз катышуу учурларынын санын кыскартууга жана сот адилеттигине болгон ишенимди жогорулатууга багытталган сот процесстеринин сапатын жакшыртуу боюнча чаралар.
  6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, анын ичинде сот өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун демилгелөө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button