ИИМдин Атайын багыттагы полкунда диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча үч күндүк семинар өттү
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылдын 8-октябрынан тартып 10-октябрына чейин ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамына деструктивдүү диний уюмдардын ишине терс мамилени калыптандыруу, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, милиция кызматкерлеринин диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында үч күндүк семинар өткөрүлдү. Семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбековдун, АБПнын психолог-тескөөчүсү Эльвира Джунушеванын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуровдун, диний ишкер Эрмек Тынай уулунун катышуусунда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында экстремизмдин жана терроризмдин жайылышын болтурбоо, Кыргызстанда тыюу салынган диний символдорду социалдык тармактар аркылуу тараткандыгы үчүн жоопкерчилик, мамлекеттик кызматчылардын диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө жүрүм-туруму, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралды колдонуу учурларында кызматкердин психологиялык абалынын маселелери, исламда өзүн-өзү өлтүрүү күнөөсүнүн оордугу, социалдык тармактар аркылуу экстремисттерди тартуу ыкмалары, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана салттуу ислам дини жөнүндө кенен маалыматтар берилди.
Андан соң, жогорудагы темалар боюнча талкулоо жүрүп, кызматкерлердин кызыккан суроолоруна жооптор берилди.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.