Кылмыш-кырсык

Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылган учурда Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Ф.С. аттуу чет элдик жаранды «Манас» эл аралык аэропортунан кармашкан. Бул жаран Румыниянын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси, 1 жана 2-пункту боюнча мигранттарды Европага мыйзамсыз ташууну уюштурганы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-ноябрында Румыниядан чыгып бара жаткан «Нэдлак II-Чанадпалота» көзөмөл-өткөрүү жайында Ф.С. айдап бараткан жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда Румыниянын чек ара полициясынын кызматкерлери жүк сактоочу жайдан Румыниянын мамлекеттик чек арасынан Европаны көздөй мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Араб тектүү 28 чет элдик жаранды табышкан.

Кармоо Интерполдун кызыл билдирүүсү (экстрадиция, экстрадиция же ушуга окшогон соттук аракеттерди күтүп жаткан адамды табуу жана убактылуу камакка алуу боюнча бүткүл дүйнө боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу) жарыялангандан кийин болгон.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ф.С. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн Сокулук РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button