Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 15-16-октябрында жумуш сапар менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына барат.
Иш сапардын алкагында минкаб башчысы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат. Мындан тышкары, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.