Коом
Акыйкатчы институту убактылуу ТИМдин мурдагы имаратына көчтү
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактылуу Тышкы иштер министрилигинин мурдагы имаратында иштеп жатат.
Акыйкатчы Институту 14-октябрдан тарта убактылуу төмөнкү даректе иштейт: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 57.
Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин имаратына убактылуу көчүп кеткендиктен, байланыш номурлар да өзгөрдү.
Байланыш үчүн номурлар: +996 (555) 339-292.
Акысыз шыр байланыш: 115.
WhatsApp: (+996 999) 000-115.
Эскерте кетсек, Акыйкатчы Институтунун имаратында октябрь айынан баштап оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Акыйкатчы Институтунун имараты 1930-жылдары салынып, узак убакыттан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.