КоомМаданият

Саясаты жок жан дүйнө…

Рух-Бейне Эл аралык чыгармачыл академиясынын президенти, АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси, акын Кайыргул Жолдошбековна Стамбул шаарындагы Йедитепе университетинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынганынын 35 жылдыгына арналган  «Чет өлкөлөрдө Кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү» форуму тууралуу пикири менен бөлүштү (өзгөртүүсүз берилди):

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Шайлообек Дүйшеев

2024-жылдын 12–13-октябрында эң кооз, тарыхка бай Стамбул шаарындагы Йедитепе университетинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынганынын 35 жылдыгына арналган «Чет өлкөлөрдө Кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү» форуму эң жогоку деңгээлде өттү.

Форумга Шотландия, Германия, Корея, Сахалин, Тюмен, Москва, Бишкек, Алматы, Анталья, Болгария, Арабиядан кыргыз тили үчүн дили, жаны менен күйүп бышкан патриот мекендештер катышты.
Форумду Кыргыз Республикасынын Кыргыз тили коомунун төрагасы Раимжан Курбанов ачып Кыргыз Гимни жаңырды. Форумдун биринчи отурумунда кыргыз тилин чет өлкөдө өнүктүрүү сактап калуу үчүн илимий иштердин, китептердин бет ачаарлары болду. Германия жергесинен келген Махабат Садырбек кыргыз тилинин грамматикасын немец тилине которулган китеби, аны түзүп чыкканы эле чоң жетишкендик деп билдим (бул жөнүндө өзүнчө жазам).
Андан соң Кыргыз тили коомунун ардагери Жамал эже, Кыргыз Консулунун өкүлдөрү, Йедетепе университетинин жетекчилиги, Президенттин алдындагы Тил жана саясат коммиссиясынан Батма эже, ж.б көрүнүктүү уюмдар, төгөрөктүн төрт бурчунан келген патриоттор сөз алышып куттуктоо, сунуштарын айтышты.
Андан соң турк дасторконунан түшкү тамактануу болду (бекер). Андан соң экинчи отурумда кайрадан талкуу, куттуктоо, сыйлыктар, суроо жооптор, музыкалык номерлер менен коштолуп өзгөчө кызыктуу да көркөмдүү да өттү, андан соң эшик алдында фотосессия болуп форумдун биринчи күнүн ресторандагы шаң менен аяктадык.
Ал эми экинчи күнү тарыхый музейлер менен таанышуу, Стамбулдун маданий паркына боз үйлөр тигилип , кыргыз даамы даярдалып, Бишкектен келген шайыр апалардын, Антальядан келген өнөрпоз, талантуу айымдардын музыкалык бөлүгүнө күбө болдук….
Ушундай патриоттук сезимди ойготкон Сахалин жергесинен келген Айнура кыз өзүнүн өзгөчүлүгүн билгизди, иш менен да, фомасы менен да эки өрүлгөн чачы менен нукура кыргыз кызы экенин айгинеледи.
Ал эми биздин Рух-Бейне Эл аралык чыгармачыл академиясы да жөн калбай акын Сыйнатбүбү Мамытова эжеке экөөбүз барып катышып уюштуруу топко ыраазычылык билдирип, сыйлыктарыбызды тапшырып, ырларыбызды окуп шыктандырып, өзүбүзгө да чоң дем күч алып кудай деп аман эсен үйлөрүбүзгө кайттык.
Форумубуздун өмүрү узак болсун, келечеги кең, жолу ачык болсун!
Ушунтип жолдун алыстыгына карабай келип катышкан мекендештерге миң таазим!
Уюштуруу тобуна, Рахат Медер, Райымжан Курбановго, Багыт Бапановго, Элвира Какиевага, Кундуз Мамбетовага, Элеанора айымга, Шотландиядан келген Рахат айымга, жаш муундагы студенттерге жалпы уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем жана миң алкыш айтам!
Алга, алга жана алга!».

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button