КоомСпорт

Кыргызстан Түндүк Корея курамасын 1:0 эсеби менен утту

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунда Түндүк Корея курамасын 1:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болду.

15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн оюнда Кыргызстан курамасынын коргоочусу Кристиан Браузман 12-мүнөттө гол киргизди. Бул команданын аталган тандоо оюндарындагы алгачкы жеңиши болуп калды.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар үч беттеш өткөргөн. 5-сентябрда Кыргызстан Иранга 0:1, 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде, 10-октябрда Катарга 1:3 эсебинде утулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button