КоомСаясат

Азамат Юсупов Лесли Вигери менен жолугушту

Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Кыргызстандагы АКШнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.


Жолугушууда Лесли Вигери Кыргыз Республикасындагы дин эркиндигинин жана зомбулуктуу экстремизмге каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кармануучулары аз болгон диний уюмдардын укугун коргоо жаатында Дин комиссиясы тарабынан аткарылып жаткан иштерге кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде Азамат Юсупов дин эркиндиги боюнча Кыргыз Республикасынын Орто Азияда калыптандыра алган өзгөчө моделине токтолуп, мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык конфессияларга бирдей мамиле жасалып жаткандыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button