КоомКылмыш-кырсык

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн түнү саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында — Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында жер титирөөнүн күчү — 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button