КоомКылмыш-кырсык

Бишкек шаарында баңгизаттарды саткан шектүүлөр кармалды

Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

3-сентябрь күнү Ленин РИИБге жарандын өз ыктыяры менен өткөрүп берген белгисиз зат экспертизанын жыйынтыгы менен “гашиш” баңгизаты экени аныкталган. Аталган факты боюнча эспертизанын корутундусунун негизинде, Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 282 беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам жана тергөө издөө иш-чараларын жүрүшүндө, Чүй облусуна караштуу Аламүдун районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы жайгашкан үйлөрүнүн биринде 1987-жылы туулган 2 шектүү аныкталып, кармалган жана убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн, сатууга даярдалган зип баштыкчаларга салынган 1150 даана өңү жашыл күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, муздаткычтын жана шкафтын ичинен, ошону менен бирге шектүүнүн кол баштыкчанын баңгизаттары табылган. Алар каннабис солома концентраты (марихуана) болуп аныкталган. Жалпы салмагы 26 килограмм 907 грамм болгон жана ар бир зип пакети 2000 сомдон сатылып, болжолдуу баасы 2 миллион 500 000 сомду түзгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button