Кылмыш-кырсык

УКМК: Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды. Видео

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик идентификациялоо системасын (МИС) ишке ашыруунун алкагында мобилдик түзүлүштөрдү алып келүүнүн жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталууга тийиш.

Ошол эле учурда ММКнын иши бажы жана салык органдарына декларацияланган оригиналдуу, коопсуз түзүлүштөрдү гана каттоого, бажы алымдары жана салык салуу системасында ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатууга, ошондой эле товарларды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын,  уурдалган мобилдик түзмөктөрдү жоюуга багытталган.

Ошого карабастан, телефондорду бажы жол-жоболорун кыйгап каттоо фактылары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан МСКнын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган (каттоо Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн аларга билбестен жүргүзүлгөн).

Буга байланыштуу 2024-жылдын 16-октябрында атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин төрт негизги уюштуруучусу “А.С.Т.”, “Ю.Ж.”, “У.Р.У.” жана «С.O.С.» кармалды.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө.

КР УКМК мобилдик аппараттарды мыйзамсыз каттоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button