КоомКылмыш-кырсык

Кантта эки адамды өлтүрүүгө жана турак жайды өрттөөгө шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-октябрда саат 20:55 чамасында Ысык-Ата райондук милициясына Кант шаарынын Пионер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Катталган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу аталган дарекке барган. Милиция кызматкерлери өрт чыккан барак үйдүн ичинде 43 жаштагы К.А. аттуу жарандын сөөгү бар экенин аныкташкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү мас абалында таанышынын үйүнө келип, кызганычтан улам жакын санаалашын жана дагы бир жаранды сабагандыгы, ошондой эле ал батирдеги дагы бир адамга медициналык спирт куюп, өрттөп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болду.

Сабалган жарандар алган жаракаттары менен Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилип, бирөө ооруканага жаткырылган, ал эми экинчиси медициналык мекемеден качып кеткен. Көп өтпөй анын сөөгү Кант шаарынын Чекиров көчөсүнөн табылган.

Кечээ бул окуялар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” жана “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери жогорудагы окуяга шектүү катары 34 жаштагы Х.Р. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоо жайга киргизген.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button