Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.
ЖОЖдорго абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт. ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алышат. 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого катыша алышпайт. Мурдагы жылкы жана 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү (МЖБ) өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүндүк алуулары зарыл. Өздүк баракча ачуу мүмкүндүгү паспортуңуздун жана орто билим алгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн аттестатыңыздын (диплом) түп нускаларын жеке өзүңүз көрсөткөндөн кийин гана жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан берилет.
2. Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн сизге төмөндөгүлөр керектелет: уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү. Телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет. Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз). Каттоонун онлайн бланкын толтуруу нускамасын жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен аласыз.
ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ же ЖРТга КАТТООСУ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕР ТЕСТКЕ КИРГИЗИЛБЕЙТ.
Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.
Бул сумманы РСК банкына төлөп, төлөө дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүү же дүмүрчөктүн номерин жана сумманы өздүк баракчасына киргизүү (жазуу) керек.
Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар, ошондой эле ББОУБдун төмөнкү телефон номерлерине чалыңыздар (Иш тартиби – 09:00 – 17:00, ишемби – жекшемби – дем алыш күндөрү): (0312, 0502, 0500, 0550,0770) 66-48-38. WhatsApp: +996 500664838