Коом

Садыр Жапаров Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Суу ресурстары кызматынын керектөөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен алынган 112 атайын техника: дөңгөлөк менен жүрүүчү узун бум экскаватор — 28 бирдик, жүк көтөрүүчү манипулятор 8 тонна — 6 бирдик, алдыңкы жүктөгүч 3 м3 — 10 бирдик, узун бум экскаватор жөрмөлөгүч менен -8 бирдик, өзү жүктөөчү бетон аралаштыргыч — 8 бирдик, бульдозер-4 бирдик, грейдер — 1 бирдик, 35 орундуу автобус — 1 бирдик жана башка техникалардын түрлөрү берилди. Алар өлкө аймактары боюнча бөлүштүрүлөт.

Мамлекет башчысы борбордук Ала-Тоо аянтына тизилген жаңы техникаларды көрүп чыкты жана алардын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Президент өз сөзүндө тармактын адистерин Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, аларга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров агрардык өнөр жай тармагынын өлкөбүздүн экономикасы үчүн маанилүү ролун баса белгилеп, аны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоо чараларын айтып өттү.

«Кыргызстандын айыл чарбасы – өлкөбүздүн экономикасына арка-бел болгон артыкчылыктуу тармактардын бири. Ал сапаттуу мол продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы соода-сатыкта атаандашууга, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик инвестициялар программасынын, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүн активдүү колдоо жүрүп жатканын баса көрсөттү. 2021-жылдан бери айыл чарба техникаларынын лизингине жалпысы 12,4 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка 3 639 айыл чарба техникасы берилген.

Бүгүн Суу ресурстары кызматына республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд сомго сатылып алынган 112 атайын техника берилди, ошондой эле 83 млн сомго сатылып алынган 48 кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылды.

Садыр Жапаров белгилегендей, эмдиги жылы суу ресурстары кызматы 400 дөн кем эмес атайын техника менен камсыздалат.

Мамлекет башчысы дүйнө жүзүндө болуп жаткан экономикалык кырдаал өлкөлөр үчүн кризистик шарттарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жаратууда деп белгиледи. Ал так талдоо жүргүзүү жана экспортту көбөйтүүгө басым жасоо менен Кыргызстандын жаңы рыноктордогу позициясын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Президент айыл чарба тармагына тамчылатып сугаруу, инновациялар, биотехнологиялар жана жасалма интеллект сыяктуу заманбап технологияларды киргизүүнүн, ошондой эле айыл аймактарынын социалдык инфратүзүмүн, инженердик тармактарды жакшыртуунун жана адамдардын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы өлкөнүн агрардык өнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон кадрларды даярдоонун жана илимий потенциалды калыптандыруунун маанилүү экенин баса көрсөттү.

«Биз климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү менен бирге, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн көптөгөн жетишкендиктерге жетүүсүнө шарт түзүп, алдыга кадам таштай беришибиз абзел», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Иш-чара атайын техникалардын сертификаттарын тапшыруу менен аяктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button