Коом

Бишкекте ипотекалык «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан салына турган “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна “мезгил кутусун” салды.

Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында коммерциялык жайлар жайгашат.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилегендей, өлкөбүз үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы кезектеги саамалыктын алдында турат. Ал көптөгөн мекендештерибиз турмуш-тиричилигин оңдоп алуу, үй-жайлуу болуу максатында тээ алыскы чет өлкөлөрдө акча табуу үчүн кара жандарын карч уруп иштөөгө аргасыз болуп жатышканын белгиледи. Ошону менен катар, көп кабаттуу үйлөр жеке компаниялар тарабынан жигердүү салынып жатканына карабастан, аларга ошол карапайым элибиздин чама-чаркы жетеби, мындай жагдайда мамлекеттин орду кандай болушу керек? – деген суроо келип чыгууда. Ушуга байланыштуу бул маселени чечүүдөгү мамлекеттин ролу жөнүндө ойлонуу зарыл.

Президент социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында, айрыкча социалдык чөйрөдө иштеген жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча бир катар жарлыктарды кабыл алганын билдирди. Бул жарлыктардын негизинде 2023-жылдын башында башталган көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу Кыргызстандын өнүгүү жолундагы ири долбоорлордун бири болуп калды. Ал республикалык бюджеттин көбөйүшү, экономикабыздын оңоло башташы менен үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси МИК аркылуу колго алынганын белгиледи.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, өлкөдө жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи. Ал учурда облустардын борборлорунда көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын, эмдиги жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларга көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталарын айтты.

Дээрлик бардык турак жай комплексинде керектүү инфратүзүмдөр: мектептер, бала бакчалар, оорукана, спорт аянтчалары жана башка маанилүү объекттер эске алынган. Бул үйлөрдү курууда жогорку сапаттагы материалдарды колдонуу, сейсмикалык коопсуздук талаптарын сактоо катуу талап кылынып жатат.

«Социалдык жактан аялуу катмардын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган атайын программа каралган. Бул программанын алкагында турак жайды жеңилдетилген шартта, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат», — деп Садыр Жапаров сыймыктануу менен белгиледи.

Президент азыркы тапта үйү жок жарандарыбызды, анын ичинде чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады. МИК “Элдик банк” менен биргеликте “Топтоочу ипотека” долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор жеткиликтүү турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бир топ жеңилдетет. Мындан тышкары, балдар үйлөрүндөгү жетим балдарды колдоо механизмдери иштелип чыгууда жана “Келечекке салым” аттуу жаңы долбоор даярдалып жатат.

Мамлекет башчысы курулуш иштерин жетиштүү деңгээлде каржылоо жана инвестиция тартуу үчүн эл аралык инвесторлор менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров көпчүлүк жарандарыбыз үй алууга чамасы жетпей, же үй салууга жер тилкесин ала албай жүргөндө мындай жер тилкелерин колунда бар жарандар сатып алып жатышканына көңүл бурдурду. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн мындай жер тилкелери мамлекетке кайра кайтарылып алынууда деп билдирди.

Мындан тышкары ал белгилегендей, жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет, ал эми калган жарымы болсо курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандарыбызга берилмекчи. Мамлекет башчысы 50 пайыз өлчөмүндө алдын ала төлөө зарылдыгын түшүндүрдү, бул каражаттар кезекте турган кийинки жарандар үчүн тезирээк үй салууга салым болот.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте 22 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 400 адам турат. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат. Борбор калаага эле кезекке турбай, региондорго да турууга өзгөчө көңүл бурулду. Келээрки жылдан баштап облустарга, райондорго, кичи шаарларга үйлөр курула баштайт.

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганына бурду.

Президент Садыр Жапаров сөзүн: «Алдыдагы жылдарда бул жаңы турак жай комплекстери Кыргызстан элинин тынчтыкта жана бакубатчылыкта жашоосунун, өнүгүүсүнүн символуна айланат. Кыргызстандын ар бир жараны тынчтыкта, бардар жашоодо өмүр сүрсүн! Жараткан ар бир мекендешибизге бекем үй жана бактылуу турмушту тартууласын!», — деп жыйынтыктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button