Блогер блокКоом

Тагдыр:  Төшөктө жатсак эшиктин сыртынан тыңшап турат…

Жеңелеримден “жаш келин бираз убакыт кайын журтунун сынында жүрүп, назарында болот” деп уксам да, сындын мынчалык катуу болорун билген эмесмин. Айрыкча кайненем катуу сынга алды. Теңтуштарымдан сурасам, мындайды көрбөгөндөрүн айтышып таң калышат.
“Азыр морт болбой, чыдамкайлык көрсөткөнүмө ыраазымын” дейт Диля (аты өзгөртүлдү) аттуу айым…

«Мен бакубат үй-бүлөнүн кызы болуп чоңойдум. Менин алдымда үч бир тууган агам бар. Кайнене менен келиндин мамилеси кандай экенин апам менен жеңелеримден көрүп, бир үй-бүлөнүн жалгыз баласына ойлонбой турмушка чыктым. Кайненем эрте жесир калып, уулун жалгыз чоңойткон. “Жалгыз уулдун келинчеги болсом, кайын журтум мени кызындай кабыл алып, эркелетет” деген жагымдуу ойдо болгонумду жашырбайм.

Келин болуп барганымда, дароо көңүлүмө көлөкө түшкөндөй болду. Күйөөм өтө эле эрке экен. Азандан кийин апасы жүгүрүп көчөдөн сүт алып келип, бышырып, чыныга куюп, нан кесип, кумшекер салып, «күнүм, жарыгым» деп далысынан сылап ойготот. «Көрүп ал, балам үчүн күндө ушундай сүт даярдап бер» деп эскертүүнү унутпайт.

Жалкоо жолдошум сүткө тойгон мышыктай жумушуна араң кетет. Андан кийин күн узак, кечке чейин кайненемдин кашындамын. Тырмагымдын алдынан кир издегени издеген…

Көптөн бери көчөгө да чыкпай бук болдум. Үйдө эле камалып отура бербей мен да бир маал күйөөмө эркелеп, көчөгө чыгып, сайраңдап келгим келет. «Чарчап келдим» деп диванда жөлөнүп отурган күйөөмө айтсам, аркы бөлмөдө отурган кайненем жетип келип: «Кел балам, менин бөлмөмдө кулагың тынч болот, ошол жака барып тынч эс ал» деп жетелеп кетти.

Бир үйдө жашаган соң арабызда түшүнбөстүктөр болуп кетет, эрди-зайып болгон соң күндүзү тарынышып, түнкүсүн төшөктөн табышып дегендей… Бирок ошондой учурда ортого үчүнчү бирөөнүн кийлигишүүсү тескерисинче мамилени алыстатып жиберет экен. Күйөөм кичинекей жаш бала сыяктуу, апасынын мойнуна минип алгандай.

Бирок мен анын баарына көңүл бурбаганга аракет кылдым. Жолдошума да айттым, ортобузга үчүнчү адамды алып келгениң туура эмес, канча таарынсак да маселени экөөбүз чечели деп. Жайдары маалда макул болуп түшүнгөндөй түр көрсөткөн жолдошум, апасы ортобузга киришип баштаганда, тек гана апасынын айткандарын туура көрүп чыга келет.

Башкасына макул болуп көнөр элем. Ал эми түндө биздин эшигибиздин сыртында тыңшап жатканын сезгенде, күйөөңдүн жанында жатуунун өзү ыңгайсыз экен. Эми бири-бирибизге эркелешип, эришип, сезимдерибизди айта баштасак, эшикти каккылап кирип келип, «балам, буттарым катып калды, массаж жасап берчи» деп бөлмөсүнө чакырат. Бир ирет болсо мейли эле, эртеси да ушундай көрүнүш. «Бөлмөңөрдө ийне-жип барбы, керек болуп жатат» деп тыкылдатып, уруксатсыз кире калат. Айта берсем көп эми.

Эмнеси болсо да “аялыңдын алдында жаркырап жүр, сен андан миң эсе сулуусуң,” деп мени кемсинткенин кантесиң? Ырас, кээде күйөөм апасынын кылык-жоруктарынан уялганын байкайм. Бирок канчалык айтсам да мойнуна алгысы келбейт. «Эмне үчүн апамды жамандай бересиң?» деп кайра мени күнөөлөп баштайт.

Бир күнү атамдын иниси той берип төркүнгө конокко чакырышкан. Экөөбүз жолго камынып жатсак апабыз обу жок ооруп калып бизди коё бербей койду. Ошондо бир нече ай бою ичимде топтолгон ачуу, таарынычтын баары бомба болуп жарылып кетти. Биринчи жолу кайненеме «балаң менен жашай бер» деп үйдөн чыгып кеттим.

Төркүнүмө «кайненем баласын кызгана берет» деп жамандап баруунун өзү ыңгайсыз экен, кайдан, кимден жардам сурарымды билбей эки сааттай аялдамада отурдум. Күйөөм кайра-кайра телефон чалат, телефонду көтөрүп, кайра жаңжалдашууга чамам жок. Эми кайда барсам деп отурганда ары жактан элпилдеп келе жаткан кайненемди көрүп калдым. Алак-жулак этип мени издеп, аялдамада отурган мени көрүп калды да, жаныма жүгүрүп келди. «Эми көчөдөн жаңжал салып, «шерменде кылабы» деп отургам. Бирок ниети адаттагыдан башкача экен…

«Айланайын кызым, ачууңду таштап, үйгө кайтып кел» деп кечирим сурап, колуман жетелеп үйгө алып келди. Эшиктен кирээри менен “мен сени сындаган киши элем, аша чаап кетсем кечир жаман апаңды. Уулум экөөбүздүн ортобузга кирип, жалгыз баламды мага каршы чыгарабы деп тынымсыз аңдып жүрдүм. Ушул убакытка чейин менин эркелигимди көтөрүп, жүзүмө каршы чыкпаганыңа ыраазымын. Кетпе, Айдарымдын урпагын көбөйтүп, экөөң таттуу өмүр сүргүлө. Мен карыдым, аша чаап кетсем, ойлонбой бир иш кылсам, аны карылык деп кабыл алып, жүрөгүңө жакын алба” деп кечирим сурап, жолдошум экөөбүздү тойго узатты. Кеч болсо да төркүнгө барып туугандар менен ойноп-күлүп келдик.

Бул окуядан кийин апам жолдошум экөөбүздүн ортобузга кирбей, биздин бөлмөнү аңдыбай калды. “Өзүңөр билгиле” деп, маселени бизге калтырат. Неберелүү болгону бизге көңүл бурбай да калган. Азыр кайненемден артык эч ким жок. Качандыр бир убакта ачууну акылга салып, төркүнүмө кетип калбаганыма кубанам.

 

Интернеттен алынды

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button