Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иш чапары менен Катар мамлекетинде жүрөт.
Катар бийлиги тарабынан Камчыбек Ташиевди расмий тосуп алуу аземин уюштурду.
Ташиев иш сапарынын алкагында Катардын вице-премьер-министри — коргоо министри Халед бен Мухаммед Ал-Атия менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды. Ошондой эле жолугушууга эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы катышты.
Халед бин Мухаммад Аль-Атия да Камчыбек Ташиевге заманбап курал-жарактардын үлгүлөрүн көрсөтүп, техникалык мүнөздөмөлөрү менен тааныштырды.