Коом

Кыргызстан дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде олуттуу бурулуш жасады

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин тынчтыгын мүнөздөгөн Глобалдык Тынчтык Индекси (Global Peace Index) — мамлекеттин ичиндеги зордук-зомбулуктун деңгээлин жана анын тышкы саясатынын агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин өлчөгөн комплекстүү көрсөткүч болуп саналат.

Индекс кайсы мамлекеттер адам өмүрү үчүн эң коопсуз (жана тескерисинче кооптуу) деп эсептелээрин көрсөтөт. Өнөктөш уюмдардын катышуусу менен Сидней университетинде иштеп жаткан Экономика жана тынчтык институту тарабынан чыгарылган.

2024-жылы Кыргызстан бул рейтингде олуттуу бурулуш жасап, 77-орунду ээлеген. Бул таасирдүү жыйынтык, анткени буга чейин биздин өлкө 101-орунду ээлеген,  2023-жылга салыштырмалуу дароо 24 позицияга көтөрүлдү. Бул Кыргызстан коопсуз жана туруктуу болуп, эл аралык аренада позициясын бекемдеп баратканынын ачык далили.

2023-жыл

2024-жыл

Көрсөткүчтөрдү ушул эле суммага жакшыртсак, коопсуздук эң жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн категориясына киребиз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button