Коом

Мамкурулуш кытайлык компания менен курулуш тармагында кызматташат

Бишкекте Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кытайдын Xinjiang Tianyu Engineering Testing Co., Ltd компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Мамкурулуштан билдиришкендей, бул меморандумдун негизги максаты Кыргызстандын аймагында лабораторияны долбоорлоо жана куруу, ошондой эле заманбап курулуш ченемдерин жана эрежелерин (SNIP) киргизүү болуп саналат. Өлкөдөгү имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга багытталган технологияларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулат.

«Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Кытайдын архитектура жана курулуш жаатындагы кызматташтыгын бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду. Бул курулуш иштеринин сапатын гана жогорулатпастан, сейсмикалык активдүү зонадагы объектилердин коопсуздугун да камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Мамкурулуш кытайлык адистер менен курулуш тармагына туруктуу жана коопсуз шаардык инфраструктураны түзүүгө мүмкүнчүлүк жараткан алдыңкы технологияларды жана стандарттарды киргизүү үчүн активдүү кызматташууну пландаштырууда.

Белгиленгендей, кызматташтык Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп, өлкөнүн жарандары үчүн имараттардын жана курулмалардын коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button