КоомКылмыш-кырсык

Кой-Таш айылында төрт киши мушташып, бир адам каза болду

Чүй облусунун Кой-Таш айылында төрт киши мушташып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тополоң тууралуу билдирүү 21-октябрь күнү саат 21:00дө түшкөн.
«Окуя болгон жерге барган жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери болжол менен 40 жаштагы бычакталган жарандын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектелип 34 жаштагы У.Б. жана 48 жаштагы К.П. аттуу маркумдун ошол күндөгү «бөтөлкөлөштөрү» кармалган. Алардын бири качып бара жаткан», — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн дагы бирөө изделип жатканы кошумчаланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button