Коом

Ошто көрүстөнгө 13 гектар жер бөлүнүп, жолу асфальтталды

21-октябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Төлөйкөн муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы борбордук көрүстөндү уюштуруу иштерин жеринен көрүп чыкты.

Жаңы көрүстөн үчүн жалпы 13 гектар жер ажыратылган. Ага баруучу жолго толук асфальт басылып, жарыктандыруу үчүн мамычалар орнотулду. Көрүстөндүн айланасына тосмо, суу резервуары курулуп, атайын шаймандарды сактоого контейнер коюлду.

Учурда коомдук транспорт үчүн аялдамдарды уюштуруу, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жарандарды тейлөө бюросу тарабынан 10 миллион сомдук демөөрчүлүк жардам тартылган.

Ош шаарында жалпы 13 көрүстөн бар, анын ичинен 7сү иштеп жатат. Ош шаарындагы биринчи борбордук көрүстөн 50 жылдан ашык убакыт мурун негизделген жана 80 пайызга толуп калган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button