КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Бишкекте АКШдан почта аркылуу келген өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаты аныкталып, алынды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери узак убакыт бою “телеграм” мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатуу үчүн АКШдан Кыргыз Республикасына эл аралык почта компания аркылуу органикалык баңги каражаттарын жеткирүү каналын жөнгө салган баңги топторун кармоо боюнча атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн.

КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” ТЖБнын кызматкерлери менен биргеликте АКШдан келген жүктөрдү бажылык көзөмөлдөөнү жана текшерүүнү уюштурууда, 2004-жылы туулган К.Н.Н. жаранга даректелген таңгактардын биринде, өзгөчө ири өлчөмдөгү кара куурайдын жыты бар, “гибриддик шишка” — деп аталган зат табылган, аны сатууда баасы 9 млн. сомго бааланат.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө К.Н.Н. курьердик кызмат аркылуу жеткирүүнү пайдаланган, андан ары Бишкек шаарынын аймагында курьер таңгакты К.Н.Н. жаранга тапшыруу учурунда кармалган.

Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүдө баңги топтун 1999-жылы туулган Л.Ю.В. жана 2003-жылы туулган Т.В.С. башка мүчөлөрү аныкталып, кармалган.

Мындан тышкары жогоруда аталган адамдардын кылмыш ишинин ачык белгилери бар баңгизаттарды таңгактоо үчүн буюмдар табылып, алынган.
Учурда аталган факты боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иштери улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button