Таластагы жол кырсыгынан 3 адам каза болгону айтылды
23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында жол кырсыгы катталып, адам өмурү кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.
«Ак түстөгү автоунаа жол эрежесин одоно түрдө бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жөө өткөлүнөн өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Учурда кырсык болгон жерде кызматкерлер иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.
Талас облустук ооруканасынан билдиришкендей, кырсыктан каза тапкан 31 жаштагы келин жана анын алты, төрт жаштагы уул-кызы мейитканага (морг) түшкөн.
Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган.
Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.